Кыргызстанда 774 тоннага көбүрөөк эт өндүрүлдү

16.02.2022, 11:54 Акчабар
Кыргызстанда 774 тоннага көбүрөөк эт өндүрүлдү

1-февралга карата республикада бардык категориядагы чарбакер субъектилерде 31,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 774 тоннага, же 2,6 пайызга көбүрөөк. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эт өндүрүүнүн көбөйүшүнүн эң негизги себеби кой, эчки жана үй канаттууларынан тышкары малдын санынын өсүшү менен байланыштуу.

“2021-жылдын аягына карата республикада ири мүйүздүү малдын саны 34,6 миң башка көбөйүп, 1750,3 миң башты, жылкынын саны 7,7 миң башка көбөйүп, 547,3 миң башты түздү, ал эми кой жана эчкинин саны 865 башка азайып, 6277,8 башты, үй канаттууларынын саны 146,4 миң башка азайып, 5923,9 башты түздү”,- деп айтылат Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча.

Белгилей кетчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын январында Баткен облусунан тышкары республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн. Баткенде эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу 99,9 пайызды түзгөн.

Тэги: мясо Кыргызстан местное производство продовольствие

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу