Коомдук тамактануучу жайларды текшерген ири рейд өтөт

25.10.2021, 17:13 Акчабар
Коомдук тамактануучу жайларды текшерген ири рейд өтөт

Бишкектеги массалык тамактан уулануу фактысына байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери республиканын бардык аймагындагы коомдук тамактануучу жайларды текшеришет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында маалымдалды.

Ошондой эле, жугуштуу оорулардын жана уулануулардын алдын алуу максатында 2018-жылдан тартып "Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилгени такталды.

Тактап айтканда, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объекттерди текшерүүгө мораторий жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, тыюу салуу шаардагы кафелердин биринде тамак-ашка буйрутма берген 100дөн ашуун адамдын ууланышына байланыштуу алынган.

Тэги: общепит Кыргызстан рейд отравление

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу