ЭКСПО-2022 аялдардын ишкердик көргөзмөсү өтөт

28.10.2022, 15:00 Акчабар
ЭКСПО-2022 аялдардын ишкердик көргөзмөсү өтөт

Кыргызстанда ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин көргөзмөсү аймактык деңгээлдеөтөт. Бул тууралуу БУУнун Аялдар уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Көргөзмөдө Кыргызстандын жети дубанынан келген ишкер айымдар өз өнүмдөрүн коомчулукка тааныштырып, инвесторлор менен жолугушат.

Келерки аптанын 1-ноябрында Бишкекте “Бишкек Парк” соода борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 60тан ашык ишкер айымдардын товарларынын жана кызматтарынын жарманке-көргөзмөсү болот.

Ошону менен бирге, 2-ноябрда B2B форматындагы платформа уюштурулуп, анда жогорку даражалуу чиновниктердин жана баяндамачылардын катышуусунда актуалдуу темалар, маселелер, аялдардын ишкердиги боюнча сунуштар боюнча панелдик сессия өткөрүлөт. Күндүн экинчи жарымында параллелдүү питчингдер өтүп, ага 40тан ашык ишкерлер катышат. Алар ЭКСПО-2022 аймактык онлайн көргөзмөсүнө (2022-жылдын 16-17-ноябры) катышуу мүмкүнчүлүгү үчүн күч сынашып, бизнести өнүктүрүү үчүн инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Чыгыш Европадан келген катышуучулар менен ат салышат.

 

Тэги: экономика женское предпринимательство новости Кыргызстана оон женщины

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу