Быйыл 10 айда Кыргызстанда 99,8 млн киловатт-саат электр энергия өндүрүлдү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 799,9 млн киловатт-саатка көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Алсак, 2022-жылдын январь-октябрь айларында 10 млрд 299,9 млн киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Өсүү 7,8% деңгээлинде болжолдонууда.
Бул электр энергиясын бөлүштүрүү жана сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө таасирин тийгизди. Алсак, көлөмдөр 8,7 млрд сомдон 10,7 млрд сомго чейин өстү.