Кыргызстанда ушул жылдын биринчи кварталында калктын номиналдуу акчалай кирешеси 149,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Мында керектөө бааларынын индексин эсепке алуу менен эсептелген калктын реалдуу кирешелеринин көлөмү бүткүл республика боюнча 133,5 миллиард сомду тузду. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га көп.
Белгилеп кетсек, кирешенин эң чоң үлүшү, 66% эмгек ишмердүүлүгүнөн түшкөн кирешеге туура келген.