Кыргызстанда 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жогорулашы 12,3%ды түздү

21.12.2021, 09:55 Акчабар
Кыргызстанда 2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу керектөө бааларынын жогорулашы 12,3%ды түздү

Евразия экономикалык биримдигинде ушул жылдын ноябрь айында керектөө баалары 2020-жылдын ушул айына салыштырмалуу 8,7%га  жогорулады. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссиясынан билдиришти.

Эң жогорку баа Кыргызстанда 12,3%, эң төмөн Орусияда 8,4% менен катталган.

Ноябрда былтыркы жылдын декабрына салыштырмалуу ЕАЭБде азык-түлүк товарларына баа 9,3%га, ал эми азык-түлүк эмес товарларга 8%га олуттуу жогорулаган. Бул мезгилде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 4,9%га өскөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстан азык-түлүк (2020-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу + 14,7 пайыз), азык-түлүк эмес товарлар (+ 11,3 пайыз) категориясында баалардын жогорулашы боюнча алдыда. Ошол эле учурда калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин жогорулашы боюнча ал үчүнчү орунда турат (2020-жылдын ноябрь айына карата + 5,9 пайыз).

Тэги: потребительские цены Кыргызстан ЕАЭС экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу