Кыргызстанда сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн

24.12.2021, 11:00 Акчабар
Кыргызстанда сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн

Евразия экономикалык биримдиги боюнча ак май, кой эти жана биринчи сорттогу буудай унуна болгон эң арзан баа Кыргызстандын борбору Бишкекте. Алсак, Бишкекте май Москвага караганда дээрлик үч эсе арзан.

Ошол эле учурда Нур-Султандан сүт, тооктун жумурткасын, нан жана картошканы сатып алуу арзаныраак.

“Ноябрь айында орточо чекене бааларынын деңгээли Бишкек шаарында биринчи сорттогу ундан жасалган нанга Нур-Султан шаарында 34,1%га, ал эми уй этине Минск шаарында 23%га, биринчи сорттогу ундан жасалган нанга - Нур-Султан 29,5%га жана Минск шаарында 8,2%га байкалган баалардан жогору болуп түзүлдү. Бишкекте жумурткага болгон орточо керектөө баалар Нур-Султанда 10,3%га жана Минскте 7,8%га, пастеризацияланган сүткө - Нур-Султанда 8,6%га жана Минскте 1,4%га баалардын деңгээлинен жогору болду”,- деп билдиришти Улуттук статистика комитетиндегилер.

Ошол эле учурда Бишкекте баалар негизинен арзан, ал эми сатып алуу жөндөмдүүлүгү эң төмөн. Маселен, Москвада орточо айлык акыга Бишкекке караганда ак майды 39,2 килограммга көп сатып алса болот.

“ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин айрым борбор шаарларында орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн талдоосу көрсөтүп тургандай 2021-жылдын ноябрындагы Бишкек шаарында бардык тамак-аш азыктары боюнча анын көрсөткүчтөрү ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин башка борборлордогу деңгээлдеринен артта калган, бул орточо айлык акынын өлчөмүнүн төмөндүгү”- деп белгилешти статкомдогулар.

Тэги: покупательская способность зарплаты продукты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу