Кыргызстанда мобилдик интернеттин баасы эң төмөн

08.12.2021, 12:45 Акчабар
Кыргызстанда мобилдик интернеттин баасы эң төмөн

Британиялык Cable аналитикалык ресурсунун рейтингине ылайык, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң ылдам интернет байланышына ээ. Муну менен катар аталган ресурстун маалыматында, Кыргызстан мобилдик интернеттин баасы боюнча дүйнөнүн 230 өлкөсүнүн ичинен 2-орунда турары белгиленген.

Кыргызстанда интернетке кирүү кызматы 20 жылдан бери көрсөтүлүп келет. Бүгүнкү күндө республиканын 5,7 миллиондон ашык жашоочусу активдүү интернет колдонуучулары болуп саналат - бул калктын дээрлик 85 пайызын түзөт.

2021-жылга алдын ала төлөнүүчү топтомдогу 1 ГБ мобилдик интернеттин орточо чекене баасы 0,15 долларды, өлкөдөгү эң арзан трафик 0,1 долларды түзөт.

Мобилдик интернетке жетүү – республиканын телекоммуникация рыногунун эң тез өнүгүп жаткан сегменттеринин бири. Аймакта интернет кызматтарынын популярдуулугу уюлдук камтуунун кеңейиши менен дал келди. Бүгүнкү күндө өлкөдө мобилдик технологияларды колдонууга суроо-талаптын жана мүмкүнчүлүктөрдүн өсүшү байкалууда. Бул Кыргызстандын дээрлик бардык жеринде зымсыз интернет кызматтарын колдонууга мүмкүндүк берет.

Бул салттуу байланыш кызматтарынын трансформациясына алып келди. Тактап айтканда, акыркы жылдары үн, SMS жана MMS трафигинин көлөмү азайып, WhatsApp, Telegram жана башка ушул сыяктуу альтернативдик байланыш каражаттарына суроо-талап өсүүдө. Ушул жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча байланыш кызматтары:

  • 2G технологиясы менен камтылган - 2,1 миң (98,6%) калктуу конуш;
  • 3G технологиясы менен камтылган - 2 миң 50 (96%) калктуу конуш;
  • 4G технологиясы камтылган – 1 миң 998 (93,8%) калктуу конуш.

Тэги: интернет цены деньги Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу