ЕАЭБ боюнча эт Кыргызстанда эң кымбат

29.12.2022, 10:05 Акчабар
ЕАЭБ боюнча эт Кыргызстанда эң кымбат

Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, эттин эң жогорку баасы Кыргызстанда катталган.

Алсак, 2022-жылдын ноябрь айында 1 тонна бодо малдын этинин баасы 2 миң 794 долларды, кой-эчкилердики 2 миң 784 долларды, чочко 2 миң 740 доллар, үй канаттууларынын эти 1 миң 806 долларын түзгөн.

Ошол эле учурда Кыргызстан сүттүн эң төмөнкү баасына ээ болуп, тоннасы 392 долларды түздү.

Белгилеп кетсек, ЕАЭБ айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн бааларынын индекси 2022-жылдын ноябрында октябрь айына салыштырмалуу 0,4%га төмөндөгөн, бирок 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу 0,2%га өскөн.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу баанын өсүшү Беларуста (24,1%га) жана Казакстанда (9,5%га) катталган. Мында баалар Кыргызстанда (4,8%га), Россияда (3,5%га) жана Арменияда (2,9%га) төмөндөгөн.

Тэги: экономика новости Кыргызстана мясо потребительские цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу