ЕАЭБде 2023-жылдын май айында эң керектүү товарлардын максималдуу орточо баасы Москва шаарында катталган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Мындан тышкары, 2023-жылдын май айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун арасында жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (ондугуна $1,32) Астана шаарында, ал эми минималдуу чекене баасы (1,11 доллар) Минск шаарында белгиленген.
Ушул эле мезгилде Бишкек шаарында эң төмөнкү баа кой этине (1 килограммы 6,72 доллар) жана сары майга (1 килограммы 5,04 доллар) катталган. Ал эми уй этинин (1 килограммы 4,79 доллар), пастерленген сүттүн (1 литри үчүн 0,65 доллар) минималдуу баасы Минскиде катталган.