Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы ЕАЭБде кредиттер боюнча эң жогорку орточо салмактанып алынган пайыздык ченге ээ. Бул ушул жылдын биринчи кварталында берилген кредиттерге тиешелүү.
Алсак, Кыргызстанда 2022-жылдын биринчи чейрегинде жеке жана юридикалык жактар үчүн улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү кредиттер боюнча орточо пайыздар тиешелүүлүгүнө жараша 18,6% жана 17,6% түздү.
Өз кезегинде жеке жактар үчүн узак мөөнөттүү кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен 22,8%ды, юридикалык жактар үчүн 16,6%ды түздү.
Белгилеп кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча июнь айында улуттук валютадагы узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү кредиттер боюнча орточо чендер тиешелүүлүгүнө жараша 16,22% жана 21,32% түздү.