Кыргызстанда 4,4 миң жеке үй пайдаланууга берилди

04.09.2023, 10:37 Акчабар
Кыргызстанда 4,4 миң жеке үй пайдаланууга берилди

Жылдын январынан июлуна чейин жалпы аянты 512 миң чарчы метрди түзгөн 4 миң 350 жеке турак жай пайдаланууга берилди. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8% аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Ушул жылдын январь-июль айларында жеке турак жайларды курууга негизги капиталга 10 млрд 864,1 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү же өткөн жылга салыштырмалуу 92,9%ды түздү. Жалпы суммадагы өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү 17,9% болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 21,4% түзгөн.

Турак жайлардын басымдуу бөлүгү же жалпы көлөмдүн 80,4%ы Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Мында айыл жеринде 365,7 миң чарчы метр жеке турак жай, же 71,4% пайдаланууга берилди.

Тэги: новости Кыргызстана строительство жилые дома

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу