Кыргызстандын мектептери жаңы техника менен камсыздалат

26.12.2022, 12:49 Акчабар
Кыргызстандын мектептери жаңы техника менен камсыздалат

Билим берүү жана илим министрлиги "Келечек үчүн билим" долбоорунун алкагында өлкөдөгү мектептерге жана педагогикалык колледждерге компьютердик техникаларды бере баштады. Бул тууралуу ведомствонун сайтында айтылат.

Белгиленгендей, 1,2 миң мектеп, ошондой эле 8 педагогикалык окуу жайлары жабдуулар менен комплекттерди алышат.

Учурда жабдыктар Балыкчы, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары менен Ысык-Көл, Токтогул райондорунун мектептерине жеткирилди. Калган мектептерге техниканы 2023-жылдын январь айынын аягына чейин берүү пландалууда.

Жабдуулардын комплектине төмөнкүлөр кирет: 21 персоналдык компьютер, 6 проектор, 2 коммутатор, 1 үзгүлтүксүз электр энергия булагы жана 1 көп функционалдуу принтер (принтер+копир+сканер).

Долбоордун алкагында мектептер жана колледждер электрондук китепканаларды ачуу үчүн эмеректер менен жабдылды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте инфраструктура, анын ичинде электр, локалдык тармактар жана интернет даярдалды.

Белгилеп кетсек, “Келечек үчүн билим берүү” долбоору Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.

Тэги: экономика современные школы новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу