Өлкөдө байланыш кызматына бюджеттин чыгашасы кыскарды

06.12.2022, 14:57 Акчабар
Өлкөдө байланыш кызматына бюджеттин чыгашасы кыскарды

Быйыл январь-октябрь айларында байланыш кызматына мамлекеттик бюджеттен 692 миллион 57 миң 277,8 сом бөлүнгөн. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,67% аз. Өткөн жылы байланыш кызматына 733 миллион 702 миң 179 сом бөлүнгөн.

Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, бул сумманын дээрлик төрттөн үч бөлүгү, же 512 миллион 807 миң 959,5 сому телерадиоберүүлөрдү көрсөтүү жана башка байланыш кызматтарына акы төлөөгө жумшалган.

Телефон жана факс кызматтарына 99 миллион 590 миң 216,19 сом, почта байланышына 45 миллион 951 миң 86,39 сом, уюлдук байланышка 21 миллион 566 миң 58,6 сом, байланыш кызматына 12 миллион 141 миң 957,19 сом (расмий жана жашыруун документтерди жөнөтүүгө) жумшалган. 

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика госбюджет Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу