Кыргызстанда буудай жана кант кызылчасынын аянты азайды

18.07.2022, 13:46 Акчабар
Кыргызстанда буудай жана кант кызылчасынын аянты азайды

Кыргызстанда буудай менен кант кызылчасынын айдоо аянттары кыскарды. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын облустары менен райондорунун шартында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын өлчөмү жөнүндө жыйынтыктоочу отчетунда” жарыяланды.

Дан эгиндеринин айдоо аянты (буурчак, күрүч жана гречкадан тышкары) өткөн жылга салыштырмалуу 0,4 миң гектарга же 0,1%га көбөйүү менен 579,9 миң гектарды түздү. Ошол эле учурда 233,7 миң гектар аянтка буудай эгилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 6,7%га аз.

Буурчак өсүмдүктөрүн (-5,9%), кант кызылчасын (-11,3%), күрүчтү (-6,2%), картошканы (-0,9%) жана дарбызды (-2,7%) айдоо да азайган.

2021-жылга салыштырмалуу арпа себүү 7,1%га, дан үчүн жүгөрү 1,5%га өскөн. Тоют өсүмдүктөрүнүн (+1,1%), пахтанын (+12,5%), жашылчалардын (+1,9%) жана май өсүмдүктөрүнүн (+4,5%) айдоо аянты көбөйгөн.

Тэги: Нацстатком КР пшеница сахарная свекла

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу