Былтыр, 2021-жылы илимий-изилдөөгө 755 миллион сом бюджеттен бөлүнгөн. Бул сумма 2017-жылга салыштырмалуу 4,5%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
“Акчабардын” маалыматы боюнча, 2022-жылы илим изилдөөгө 710 млн 670,3 миң сом чыгаша бюджеттен бекитилген. Бул өлчөм мурунку жылга салыштырмалуу 5,87%га аз болууда.
Белгилеп кетсек, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2021-жылы өлкөдө 72 илимий уюм болсо, анын ичинен жогорку билим берүү тармагы 35%, академиялык сектор 30%ды түзгөн. Өткөн, 2021-жылы аткарылган илимий-техникалык иштердин жалпы көлөмүндө алардын эң көп бөлүгү (71%дан ашыгы) академиялык сектордогу уюмдарга туура келген.
Илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлердин 78%га жакыны адис-изилдөөчүлөр, алардын 41%ы илимдердин докторлору жана кандидаттары болуп саналат. Илимий изилдөөчүлөрдүн 60%ын аялдар, 40%ын эркектер түзөт.