Кыргызстанда бензин импорту 53,6% кыскарды

26.06.2023, 16:50 Акчабар
Кыргызстанда бензин импорту 53,6% кыскарды

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, январь-апрель айларында 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу автобензинди импорттоонун көлөмү 53,6%га азайган.

Мындан тышкары, 1 литр бензиндин орточо баасы 10 сомго, башкача айтканда, 25%га арзандагандыгын белгилей кетүү керек. Импорттолуучу бензиндин көлөмүнүн жана нарктык мааниде орточо баанын төмөндөшүнөн улам импорт 65,3%га кыскарган.

Белгилеп кетсек, ушул жылдын апрель айында май куюучу жайларда АИ-92дин орточо чекене баасы да 10 сомго арзандаган. Бензиндин негизги ташылышы да Россиядан ишке ашырылат, каралып жаткан мезгил ичинде Казакстандан бензиндин импорту дээрлик 20 эсеге көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.

Тэги: экономика Нацстатком КР импорт бензин Казахстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу