Бир жыл ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 40,7% өстү

16.08.2022, 16:48 Акчабар
Бир жыл ичинде өнөр жай продукциясынын көлөмү 40,7% өстү

Кыргызстанда 2022-жылдын июль айында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 40,7% ашты. Муну Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы тастыктайт.

Алсак, республикада өткөн айдын аягында өнөр жай товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2021-жылдын июль айындагы 21,4 миллиард сомдун ордуна 36,4 миллиард сомду түздү.

Бирок июнь айына салыштырмалуу көрсөткүч 4,27%га төмөндөгөнүн белгилей кетүү керек, бул көрсөткүч кайра иштетүүчү тармактардын өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн (4,41%га) кыскарышынан улам болгон. Ал өз кезегинде негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнүн (машиналарды жана жабдууларды кошпогондо) 14,92%га төмөндөшүнүн эсебинен кыскарган.

Мында өткөн айда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү 14,84%га өсүп, 5,9 млрд сомду түздү. Белгилеп кетсек, жалпы өсүшкө карабастан, июль айынын көрсөткүчү республиканын төрт облусунда төмөндөгөн.

Тэги: продукция промышленность Кумтор Нацстатком сельхозпродукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу