Кыргызстанда «Кыргызиндустрия» акционердик коому түзүлдү

14.01.2022, 09:16 Акчабар
Кыргызстанда «Кыргызиндустрия» акционердик коому түзүлдү

Министрлер кабинетинин чечими аркылуу уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому түзүлдү.

“Кыргызиндустрия” ААК түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат.

“Компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, анын ичинде оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып; өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүү менен тобокелдиктерди ж.б. башкарууга мүмкүндүк берет. Компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот”, - деп билдиришти министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан.

Кошумчалай кетсек, уставдык капиталы 1 млрд сом болгон “Кыргызиндустрия” компаниясын түзүү чечими министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.

 

Тэги: Кыргызиндустирия госкомпания экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу