Алтынчы ай катары менен Кыргызстанда инфляциянын деңгээли белгиленген көрсөткүчтөн 5-7% жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Жылдык инфляциянын деңгээли 2021-жылдын январь-июнь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 107,3% түздү. Инфляциянын жылдык орточо деңгээли 2021-жылдын январь-июнь айынан 2020-жылдын январь-июнуна чейин 110,8% ды түзөт.
Эске салсак, ушул жылдын май айында жылдык инфляция деңгээли 110,7% түзгөн.