Кыргызстанда сүт көп өндүрүлө баштады

03.05.2022, 10:40 Акчабар
Кыргызстанда сүт көп өндүрүлө баштады

Кыргызстанда быйылкы жылдын үч айында 277 миң 597 тонна сүт өндүрүлгөн. Бул 2021-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу 1,9%га көп. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 272 миң 500,2 тонна сүт өндүрүлгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдө уйлардын саны көбөйгөндүктөн, сүттүн көлөмү өскөн.

Сүттүн көбү Чүй облусунда — 79 миң 662,3 тонна өндүрүлгөн. Ош облусунда 50 миң 923 тонна, Ысык-Көл облусунда 50 миң 20,1 тонна, Жалал-Абад облусунда 43 миң 524 тонна сүт өндүрүлгөн.

Сүт эң аз Нарын (22 миң 939 тонна), Баткен (14 миң 935,6 тонна) жана Талас (14 миң 649 миң тонна) облустарында өндүрүлгөн.

Ош шаарында үч айда 864 тонна, Бишкек шаарында 80 тонна гана сүт өндүрүлгөн.

Тэги: молоко зеленое сельское хозяйство производство молока

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу