Кыргызстанда энергетикалык акциздик ставка 10 эсеге төмөндөдү

02.03.2023, 10:38 Акчабар
Кыргызстанда энергетикалык акциздик ставка 10 эсеге төмөндөдү

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы токтому менен Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы 2202 товардык позициясында классификацияланган энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы 10 эсе төмөндөтүлдү.

2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилде акциздик салыктын ставкасы 1 литрге 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан тарта бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сомду түзөт.

"Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып энергетикалык алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркировкалоо киргизилет", — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Белгилеп кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркировкалоо товарлардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу эффективдүү механизм болуп саналат жана калкты контрафакттык продукцияны керектөөдөн коргоого багытталган.

Тэги: новости Кыргызстана энергетики акциз налоги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу