Думан Рыскулов евро эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

02.02.2023, 14:38 Акчабар
Думан Рыскулов евро эмне үчүн кымбаттаганын түшүндүрдү

Кыргызстанда евронун базар баасы 1 сомго көтөрүлдү. Буга борбордогу Моссовет алмашуу бюролорундагы маалыматтар далил.  

Кечээ, 1-февралда акча алмаштыруучу жайларда европалык валютаны сатуунун орточо баасы 95 сомду түзсө, бүгүн 96 сомду түзүүдө.

Алмашуу бюролор ассоциациясынын жетекчиси Думан Рыскуловдун айтымында, валюта базарындагы мындай абал дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу.

“Чындыгында евронун курсунун өзгөрүп жатканы байкалууда. Евронун курсу дүйнөлүк рынокто, анын ичинде бизде да көтөрүлдү”, - дейт Думан Рыскулов.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматы боюнча евронун расмий курсу 2-февралга карата 93,8001 сом деп белгиленген.

 

Тэги: новости Кыргызстана евро

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу