Кыргызстанда малдын 2% гана таза асыл тукум породасында

31.05.2022, 12:34 Акчабар
Кыргызстанда малдын 2% гана таза асыл тукум породасында

Кыргызстандын мал чарба фермаларында ири жана майда малдын жалпы саны 1 миллион 700 миң баш болсо, анын 2 пайызын гана таза кандуу мал түзөт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн жыйында Айыл чарба министрлигинин алдындагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин катчылыгынын жетекчиси Темирбек Ажыкулов билдирди.

Бул көрсөткүч чарбалардын рентабелдүүлүгүн бир кыйла төмөндөтөт. Маселен, Ажыкуловдун айтымында, Кыргызстанда ар бир уйдан орточо эсеп менен жылына 2 миң литрден сүт саалып алынса, өнүккөн өлкөлөрдө 10 миңге жетет.

“Биз европалык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканбыз. Алар 150 миң баш болуп, алардан жылына 1,5 миң тоннага жакын сүт алышты. Кыргызстанда малдын саны бир нече эсе көп, бирок жалпы республика боюнча жылдык сүт бир ишкананын өндүрүштүк көрсөткүчүнө барабар”, - деп баса белгиледи Ажыкулов.

Ошентип, Айыл чарба министрлиги бул көйгөйдү жакынкы жылдарда колдо болгон малды өнүккөн өлкөлөрдүн жаңы породаларына алмаштыруу, ошондой эле мал чарба фермаларынын инфраструктурасын жакшыртуу аркылуу чечүүнү көздөөдө.

Тэги: животноводство поголовье скота Минсельхоз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу