Кыргызстанда 2023-жылдын май айында инфляция бир ай мурдагы 10,7%дан 11,3%га чейин өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери билдирди.
Алар инфляциянын тездешинин себебин электр энергиясына болгон тарифтердин көтөрүлүшү менен байланыштырышууда, бул кызмат көрсөтүүлөргө баанын апрель айындагы 10,3%дан кийин май айында 12,1%га жогорулашына себеп болгон.
Азык-түлүктөн башка товарларга баанын өсүшү да 12,9%га чейин өскөн. Ошол эле учурда азык-түлүк бааларынын төмөндөө тенденциясы уланган.
“Биз инфляциянын төмөндөө тенденциясына кайтып келүүнү күтөбүз. Биздин болжолубуз 2023-жылдын акырына карата болжол менен 7% болот”, - деп айтылат маалыматта.