Кыргызстанда интернет дүкөндөрдүн ээлери салык төлөөгө мажбур болот. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети үчүнчү окууда кабыл алды.
Электрондук коммерция чөйрөсүндөгү ишмердикке салыкты киргизүү Салык кодексинин 61-беренесинде каралган.
Ишкердик иш системалуу түрдө жүргүзүлсө таанылат. Бирок, бул жерде айта кетуучу нерсе, жеке товарларды бир жолку сатуу системалуу эмес жана аны ишкердик иш катары кароого болбойт.
Мындан тышкары, ушул эле мыйзамдын 6-беренесинде сатуучунун милдеттеринин бири соода аянтында юридикалык жактын толук аталышын же жеке ишкердин толук аталышын жарыялоону карайт.