Дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет

26.09.2022, 10:22 Акчабар
Дары-дармектерди көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда дары-дармек каражаттарынын жүгүртүүсүнбайкоо жана көзөмөлдөө боюнча автоматташтырылган система ишке киргизилет. Бул тууралуу Саламаттыксактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Белгилей кетүүчү нерсе, иштелип чыккан система контрафакттык медициналык буюмдарга каршы күрөшүү аркылуу дары-дармек каражаттарынын коопсуздугун камсыз кылат, эл аралык стандарттарга ылайык ачык-айкын лицензиялоо процесси аркылуу рыноктогу дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын сапатын жогорулатат. Мындан тышкары, дары-дармектерге көз салуу системасын киргизүү рынокту толук көзөмөлдөөнү камсыз кылуу аркылуу дары-дармектердин баасын жөнгө салууга мүмкүндүк берет”, - деп жазат басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Акылбека Жапаров жыйын өткөрүп, анда бул система сунушталды. Министрлер кабинетинин башчысы аны ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

“Тутум виртуалдык кампаны көрсөтүшү керек. Контрафакттык продукцияны болтурбоо үчүн 5 миңге жакын дарыкананын ичинен кайсы дары-дармектер өлкөгө алынып келинип, кайсы дарыканаларда сатылып жатканын көрүшүбүз керек. Мындан тышкары, электрондук рецепттерди киргизүү боюнча иштерди уюштуруу зарыл. Система айрым дары-дармектерге фармацевтикалык компаниялар тарабынан лоббилөө факторлорду болтурбоо үчүн дарыгерлер бейтаптарга кайсы дарыларды жазып бергенин жазып алышы керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Тэги: новости Кыргызстана Минздрав КР оборот лекарственных средств

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу