КР аймагына мунайзаттарды автотранспорт менен ташууга мараторий жарыяланды

23.10.2019, 09:16 Акчабар
КР аймагына мунайзаттарды автотранспорт менен  ташууга мараторий жарыяланды

КР аймагына мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Мунай жана мунайзаттардын айрым түрлөрүн автотранспорт менен ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу көмүскө экономиканы кыскартууга жана тиешелүү каттоосу жок, таризделбеген мунайзаттарды өлкөгө ташып келүүгө чектөө коюуга багытталган», — деп жазылат маалыматта. 
 

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, республиканын бензин менен дизел отунуна болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300 -1 млн 400 миң тоннаны түзөт. Өлкө ичинде мунайзаттарын өндүрүүдө оңдуу жылыштар болгону менен, Кыргыз Республикасынын калкынын керектөөсүн толугу менен жаба албайт жана импорттун эсебинен камсыздалууда. Күйүүчү жана майлоочу майдын 80% Россия Федерациясынан келет.

2018-жылда ыкчам топ тарабынан коңшу мамлекеттен  күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүү боюнча  73 факт катталган, алардын көлөмү 146 - 530 литрди түздү, бул болжолдуу 5 млн сомго барабар. Ыкчам-рейддик иш-чараларды ишке ашырууда аныкталган материалдар боюнча бир катар ишкерлерге административдик мүнөздөгү чаралар кабыл алынган.

Экономика министрлиги КР Улутттук статистикалык комитетинин маалыматына таянып,  2018-жылдын 10 айында мунайзаттын көмүскөдөгү үлүшү сырттан ташылып келген күйүүчү майдын жалпы көлөмүнүн 25,2 % же 12 млн сомду түзгөнүн маалымдады.  Ал эми 2017-жылдын 10 айында болсо, бул көрсөткүч 12,8% же  5,3 млн сомду түздү. 2019-жылдын январь айынан тарта июнга чейин тийиштүү документтери жок 5 777 тонна мунайзаты өлкө ташылып келинген.

 

Тэги: ГСМ контрабанда мораторий теневая экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу