Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, 1-августка каратажумушсуздук боюнча ишке орноштуруу кызматтарына 106 миң адам кайрылган. 2020-жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу ишке муктаж жарандардын саны 4%га өстү.
Бирок жумушсуз катары катталгандар 80,5 миң кишини түзөт.
Катталган жумушсуздардын көбү Жалал-Абад жана Ош аймактарында, жалпысынан 57,3%.
Кошумчалай кетсек, катталган жумушсуздардын жалпы санынын 46,1% ы аялдарга туура келет.