Өлкөдө кийим өндүрүү көбөйдү, бирок экспорт азайды

17.07.2023, 15:14 Акчабар
Өлкөдө кийим өндүрүү көбөйдү, бирок экспорт азайды

Кыргызстанда кийим өндүрүшүнүн көлөмү нарктык мааниде 77,9%га өстү. Муну Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

Алсак, 2023-жылдын 6 айында 4 миллиард 996,2 миллион сомго (56,8 миллион доллар) кийим-кече өндүрүлгөн, ал эми 2022-жылдын ушул мезгилине карата тигилген кийимдердин өздүк наркы 2 миллиард 807,4 миллион сомду түздү.

Ошону менен бирге ушул жылдын 5 айында 20,9 миллион долларлык кийим-кече экспорттолгон. Белгилеп кетсек, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүчтөр өсүшкө карабастан 9,2%га азайган.

Экспорттун азайышы негизинен балдар кийимдеринин сатылган көлөмүнүн 94,07%га азайышы менен шартталган.

Тэги: экономика новости Кыргызстана одежда детская одежда экспорт местное производство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу