Кыргызстанда буудайдын орточо баасы 5-июлдан 4-августка чейин 21,39%га жогорулаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Өсүш үстүбүздөгү жылдын 8-июлунан бери катталган. Баанын өсүшү дээрлик бардык аймактарда байкалган.
Ал эми 4-августка карата эң жогорку баа Нарын, Жалал-Абад жана Баткенде - килограммы 40, 37,5 жана 35 сом болгон.