Быйылкы жылдын январь-июнь айларында жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 2022-жылдын декабрына салыштырмалуу 5,1%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилерге баа 7,7%га, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,6%га, азык-түлүк эмес товарларга 6,4%га кымбаттады.
Калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 5,8%га жогорулаган.