Кыргызстанда VISA карталарынын саны беш жыл ичинде 4,4 эсе өстү

11.09.2023, 12:02 Акчабар
Кыргызстанда VISA карталарынын саны беш жыл ичинде 4,4 эсе өстү

Жылдын экинчи кварталынын аягында эл аралык VISA системасынын жүгүртүүдө 2 миллион 682 миң 465 картасы болгон. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкы билдирет.

Жүгүртүүдөгү карталардын эң көп саны борбор калаада чыгарылган – 1 млн 916 миң 950, же жалпы көлөмдүн 71,5%ы. VISA карталарынын таралышы боюнча экинчи орунда Ош облусу - 231 миң 675 карта, үчүнчү орунда 173 миң 850 карта көрсөткүчү менен Жалал-Абад облусу турат.

Кызыгы, акыркы беш жыл ичинде, 2018-жылдын экинчи кварталынан бери жүгүртүүдөгү VISA карталарынын көлөмү туруктуу өскөн. Ошентип, 2018-жылы өлкө боюнча болгону 613 миң 831 карта болгон.

Мында жүгүртүүдөгү VISA карталарынын кыйла олуттуу өсүшү 2022-жылдын экинчи кварталында 74,3%га байкалган.

Кошумчалай кетсек, акыркы беш жылда Кыргызстанда VISA карталарынын жүгүртүүсүнүн өсүшү менен бирге MasterCard карталарынын саны да 3,2 эсеге – 16 миң 216 картадан 51 миң 794кө чейин өстү. Бирок, 2021-жылы да, 2023-жылы да республикада алардын саны азайгандыгын белгилей кетүү керек.

Тэги: новости Кыргызстана Visa банковские карты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу