Июнь айында Кыргызстанда инфляция бир ай мурдагы 11,3%дан 10,5%га төмөндөдү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕӨБ) аналитиктери өз баяндамасында жазышты.
Өткөн жылдын негизги про-инфляциялык фактору – дүйнөлүк азык-түлүк рынокторунун жана соода өнөктөш өлкөлөрүнүн кысымы алсырап баратканы болду. Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин жана тамеки заттарына акциздердин жогорулашы июнь айында жылдык инфляцияга чектелген таасирин тийгизген.
Алмашуу курсунун туруктуулугу да инфляциялык күтүүлөрдүн өсүшүн кармап турду. Эксперттер 2023-жылдын аягына чейин керектөө бааларынын өсүшү 7,1% деңгээлинде болот деп болжолдошууда.