«Бай-Түшүм» банкынын кубогунун экинчи сезону аяктады

21.04.2021, 09:42 Акчабар
«Бай-Түшүм» банкынын кубогунун экинчи сезону аяктады

"Бай-Түшүм" банкы экинчи жыл катары менен спортту жана жаштардын сергек жашоо образын жайылтуу максатында 2019-жылы түзүлгөн футзал боюнча кубок ойнотуп келет.

Иш-чарага быйыл 32 команда катышты. Футзал боюнча мелдеште профессионалдар дагы, оюн сүйүүчүлөр командасы дагы чемпиондук үчүн күрөштү. Беш айга созулган оюндун финалына төрт команда чыгышты: "Беловодск", "ТОП Тоголок", "ГТС" жана быйыл "Бай-Түшүм" банкынын кубогун жеңип алган "Аль Халал".

"Оюн татаал жана курч мүнөздө өттү. Бизде күчтүү атаандаш болгон, бизге каршы "Беловодск" командасы ойногон. Биз өзүбүзгө ишендик, бирок чынын айтканда, акыркы мүнөткө чейин ким жеңээрин билбей турдук. Айрыкча атаандаш биз менен ортоңку беттеш өткөргөндөн кийин", - деп билдирди акыркы турнирде "Аль Халал" командасынын капитаны Нуржигит Калиев.

Бүйүр кызыткан оюндун жыйынтыгында “Аль Халал” атаандашын 3: 0 эсебинде утуп алды.

"Жигиттердин оюну жана турнирди уюштуруу мыкты болду. Бизде ушундай спортко кызыккан максаттуу жаштар бар экенине кубанычтамын. Мындай иш-чараларды колдоп бергендиги үчүн калыстарга жана машыктыруучуларга, албетте, "Бай-Түшүм" банкы сунуш кылган уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем”, - деди кыргыз футбол бирлигинин футзалдын өнүгүүсү боюнча техникалык директору Амиржан Муканов.

Турнирдин жеңүүчүлөрү - "Ал Халал" командасына 50 миң сом акчалай сертификат тапшырылды. Экинчи орундун ээлери - "Беловодск" 30 миң сом утуп алышты. Үчүнчү орун үчүн "ТОП Тоголок" командасы 20 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

Сыйлык тапшыруу аземинде командалардан тышкары жеке номинациялардын жеңүүчүлөрү сыйланышты:

  • Мыкты дарбазачы - Адилет Койчубеков;
  • Мыкты Fair Play оюнчусу - Каныбек Отогонов;
  • Бомбардир - Азат Карабеков;
  • Мыкты оюнчу - Айбек Орозалиев;
  • Эң мыкты судья - Нуралы Абдунабиев;
  • Эң мыкты судья - Каныбек Назарбек уулу.

"Финалга таптакыр башка төрт команда чыкты, алардын арасында профессионалдар дагы, жаңы оюунчуларр дагы бар. Алар оюндун көркү болуп калышты. Бир команданы бөлүп көрсөтүү кыйынга турду. Бардыгы татыктуу күрөшүштү. Ошондуктан, биз жеңүүчү команданы гана эмес, мыкты оюнчуларды да сыйлоону чечтик", - деди Бай-Түшүм банкынын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев.

"Бай-Түшүмдүн" башчысы белгилегендей, банк келечекте футзал боюнча мелдеш өткөрүүнү улантат, ошондой эле ар кандай спорттук мелдештерди жана жаштардын демилгелерин колдойт.

Эске салсак, "Бай-Түшүм" банкынын кубогу 2019-жылы негизделген. Кеңири жайылган COVID-19 пандемиясына карабастан, 2020-жылы да бир катар беттештер болгон. Бул футзал боюнча жыл сайын өтүүчү мелдештин жакшы салтынын башталышы болду.

 

 

 

Тэги: Бай-Тушум футзал спорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу