“Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты. Буга чейин директорлук кызматты аркалап келген Алишер Бейшеналиев мамлекеттик ишкананын директорунун орун басары кызматына которулду.
Бейшеналиев 2022-жылдын августунан бери "Кыргызтранснефтегаздын" директору болуп иштеп келген. 3-апрелден бери бош турган мамлекеттик ишкананын жетекчиси кызматына Сүйүнтбек Аликеев келди.
Эске салсак, "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы Энергетика министрлигинин алдында мунай жана газ тармагын мамлекеттик жөнгө салуу жана башкаруу максатында 2022-жылдын 7-июнундагы министрлер кабинетинин токтомуна ылайык түзүлгөн. Мамлекеттик ишканага табигый жана суюлтулган газды ташуу, сактоо, кайра иштетүү жана мунай, газ жана аларды кайра иштетүү продуктуларын сатуу боюнча улуттук оператордун укуктары берилген.