Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Баткен облусуна иш сапарынын алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын апрель айында болгон окуяларда жабыр тарткан Лейлек районунун Максат айылындагы 84 үй-бүлөгө бериле турган жаңы үйлөрдү көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Баткен районунда бүтө элек 40ка жакын үйдүн курулушу сентябрдын орто ченинде бүтүрүлүп, райондун тургундары бүгүнкү Максат айылында болгондой жаңы үйлөрүнө киришерин билдирди.
Ал окуялардан жабыр тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңы үйлөрүнө зарыл болгон эмеректерди сатып алууга да жардам көрсөтүлөрүн кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин Баткендеги жаңжал учурунда каза болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн 36 үй жергиликтүү ишкерлер тарабынан курулаары жана дагы 100 үй түрк өкмөтүнүн эсебинен курулары маалымдалган.
Мамлекет башчысы менен жолугушууга Лейлек жана Баткен райондорунун жергиликтүү тургундары жана чек ара окуяларында жабыр тарткан 140 үй-бүлө катышты.