2021-жылдын май айында Кыргызстандын энергетикалык тутумунда электр энергиясын колдонуу 964,5 миллион киловатт-саатты түздү. Бул тууралуу "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы" ААК билдирди.
Акционердик коом өткөн жылы керектөө 853,5 миллион киловатт-саатты түзгөнүн кошумчалады.