Май айында ипотекалык насыялар кымбаттады

28.06.2022, 11:28 Акчабар
Май айында ипотекалык насыялар кымбаттады

Май айында кыргызстандыктар коммерциялык банктардан улуттук валютада 526 миллион 831,1 миң сомго ипотекалык насыя алышкан. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Бир ай мурункуга салыштырмалуу коммерциялык банктар тарабынан берилген турак жай кредиттеринин жалпы көлөмү 38,77%га азайган. Бирок алар боюнча орточо салмактанып алынган пайыздык чен, тескерисинче, 11,43%дан 13,5%га чейин өстү, башкача айтканда 18,1%га кымбаттады.

Эгер жылдык мезгилди карасак, ипотека 7,2% га төмөндөдү.

Мында коммерциялык банктардагы турак жай кредиттери боюнча эң төмөнкү пайыздык чендер ушул жылдын март айында катталган – 8,09%. Анда кыргызстандыктар 911 миллион 74,4 миң сомго ипотека алган.

Тэги: ипотека процентные ставки Кыргызстан комбанки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу