Март айында Кыргызстан ЕАЭБдеги россиялык бензиндин ири импортеру болуп калды

26.04.2021, 14:15 Акчабар
Март айында Кыргызстан ЕАЭБдеги россиялык бензиндин ири импортеру болуп калды

ЕАЭБ мейкиндигинде Орусия Кыргызстанга бензиндин көпчүлүгүн экспорттогон. Бул тууралуу "Петромаркет" маркетинг компаниясынын өкүлү Анна Лишневецкая билдирди, деп жазат Коммерсант.

Март айында, алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Россия Кыргызстанга 73,4 миң тонна, Беларусияга 7,6 миң тонна жана Казакстанга 300 тонна бензин экспорттогон. Бирок, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү чет өлкөгө сатылган бензиндин жалпы көлөмүнүн 20% гана түзөт.

Учурда Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги тарабынан мунайзат продуктуларынын айрым түрлөрүн убактылуу экспорттоону жол-жоболоштуруу боюнча актылардын долбоору иштелип жатат. Ошентип, Орусия өкмөтү бензинди экспорттоого тыюу салууну киргизүү үчүн расмий даярдыктарды баштайт. Тыюу салуу ЕАЭБ өлкөлөрүнө жайылтылбай турганы белгиленди.

Эгерде бензиндин ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары бардык тарапка экспорттолушуна чектөө киргизилсе, айына болжол менен 200-400 миң тонна продукцияга тыюу салынаары белгилүү болду. 

Тэги: бензин россия кыргыстан экономика импорт-экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу