Каржы министрлигинин документтерине ылайык, президенттик администрациянын март айындагы чыгымдары 52 миллион 118,5 миң сом деңгээлинде пландаштырылган.
Ошол эле учурда, каражат алгач 48 миллион 618,5 миң сом суммасында белгиленген, бирок кошумча кассалык планда көрсөтүлгөндөй, март айына дагы 3,5 миллион сом каражат суралган.
Белгилеп кетсек, февраль айында мекеменин чыгашалары 50 млн 563,5 миң сомго пландаштырылган, бул март айына салыштырмалуу 1 млн 555 миң сомго аз.