MBANK (“Коммерциялык банк” ААКсы) банктын башкармалыгынын курамында болгон өзгөрүүлөр тууралуу билдирди. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.
Тактап айтканда, 18-майдан тарта башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Данияр Мусабаевдин ыйгарым укуктары токтотулду. Бош калган орунга Кайрат Суранаев 22-майда шайланган. Тиешелүү чечимдер МБАНКтын директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кошумчалай кетсек, кеңештин мүчөлөрүнүн чечими менен Ирина Ким 22-майдан тарта башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.