Сергей Слесарев Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Маалым болгондой, Сергей Слесарев 1999-жылы КМУну экономист адистиги боюнча, ал эми 2003-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетин(юриспруденция) аяктаган.