ЕРӨБ биримдикке мүчө өлкөлкөлөргө 11 млрд доллар инвестициялоону пландаштырууда

29.12.2021, 12:41 Акчабар
ЕРӨБ биримдикке мүчө өлкөлкөлөргө 11 млрд доллар инвестициялоону пландаштырууда

Ушул айдын башында Москва шаарында экинчи Евразия конгресси өттү. Аны Евразия өнүктүрүү банкы уюштурган. Масштабдуу иш-чарага бир нече жүздөгөн катышуучуларды, анын ичинде банктын акционерлери болгон өлкөлөрдүн расмий делегацияларын чогултту. 

Бул иш-чарага Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жана өлкөнүн тармактык ведомстволорунун өкүлдөрү катышты. 

ЕРӨБдүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Нурлан Акматовдун айтымында, Евразия конгресси региондогу мамлекеттик жана бизнес органдарынын өкүлдөрүнүн ачык диалогу үчүн авторитеттүү аянтча катары таанылды. 

“Бул жылы катышуучулар бизнестин ролун жогорулатуунун практикалык маселелерин, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Иш-чара Биримдикке мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду өнүктүрүү жана евразиялык экономикалык интеграция процесстерине бизнес-коомчулукту жигердүү тартуунун алкагында өткөрүлүүдө”, - деди ал. 

“Аппликат” стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубат Рахимов белгилегендей, ЕРӨБ өзүнүн 5 жыл ичинде 11 млрд доллар инвестициялоо боюнча амбициялуу пландары гана эмес, Өзбекстандын банкынын ишмердүүлүгүнө кошулуусу да эң чоң кызыгууну жаратты. 

“Биз азыр Евразия өнүктүрүү банкын чындап эле евразиялык деп эсептесек болот – Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн төртөө кошумча Орусия, Беларусь жана Арменияны толуктап турат. ЕРӨБнын көз карашында транспорттук-логистикалык база Кыргызстан жана региондогу бардык башка өлкөлөр үчүн өтө актуалдуу болгон суу-энергетика маселесин чечүү пландарын толуктайт. Жашыл экономикага басым жасоо жана ESG (Environmental and social corporate governance) деп аталган корпоративдик саясатка экологиялык-социалдык мамиле кылуу бардык дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет”, - деп белгиледи Рахимов. 

Анын пикиринде, банктын акционерлери болгон өлкөлөргө карата ЕРӨБ комплекстүү чечимдеринин маанилүүлүгү жана Кыргызстанда жакшы иштелип чыккан долбоорлорду активдүү каржылоо айкын мультипликациялык эффекттерге алып келиши керек. 

“Жергиликтүү ишкерлердин жетишээрлик терең иштелип чыкпаган инвестициялык долбоорлорунун учурдагы абалы өлкөнүн коммерциялык банктарынын практикасынан көрүнүп тургандай, мамлекеттик органдар тарабынан да, өлкөнүн коммерциялык банктары жана ири бизнеси тарабынан да инвестициялык долбоорлорду калыптандырууга жана даярдоого болгон мамилени өзгөртүүнү талап кылат”, - деп сөзүн жыйынтыктады Рахимов.

Тэги: Евразийская экономическая комисс ЕАБР Кыргызстан инвестиции

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу