ЭВФ жогорку инфляцияны болжолдоодо

01.09.2022, 11:22 Акчабар
ЭВФ жогорку инфляцияны болжолдоодо

Жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болушу мүмкүн жана бул баанын жогорулашына алып келет. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) менеджеринин биринчи орун басары Гита Гопинат Джексон Холлдогу экономикалык симпозиумда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

ЭВФ жетекчисинин орун басары кошумчалагандай, үч жылдык мөөнөттө инфляциянын жогорулоосун күтүү керек, бул өлкөлөрдүн акча-кредит саясатын татаалдантат.

Ушуга байланыштуу ЭВФ каржы институттары инфляцияны ооздуктоо боюнча активдүү чараларды көрүшү керек жана экономикалык шок болгон учурда экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын так болжолдой турган жаңы моделдерди иштеп чыгышы керек деп эсептейт.

“Борбордук банктар инфляциялык күтүүлөрдүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн чечкиндүү иш-аракет кылышы керек. Биз баалардын туруктуулугун калыбына келтирбестен, туруктуу экономикалык өсүштү күтө албайбыз”, - деп жыйынтыктады Гопинат.

Тэги: МВФ инфляция центробанки перебои в цепочках поставок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу