Нарын облусунда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандар аныкталды

17.03.2020, 12:30 Акчабар
Нарын облусунда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз саткандар аныкталды

Нарын облусунда спирт ичимдиктерин мыйзамсыз сатуу аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери биргелешкен иш-чаралардын жүрүшүндө Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айылында жайгашкан «Арзан» дүкөнүнөн сатууга тийиштүү лицензиясы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада ар кандай ассортименттеги 715 бөтөлкө алкоголь тартып алынды.

Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Тэги: нарынская область незаконная продажа спиртные напитки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу