Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилер курулуш долбоорлору менен таанышты.
Тактап айтканда, өкмөт башчы 2024-жылга Нарын облусунда пландалып жаткан объектилерди куруу жана реконструкциялоо боюнча маалымат берилди.
"Планга жалпысынан 64 объект киргизилген. Анда жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо боюнча пландар презентацияланды", - деп айтылат маалыматта.