Улуттук банктатөлөм системасы боюнча Банктар аралык кеңештин кезексиз жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө QR-кодду колдонуу менен төлөмдү киргизүү жана өнүктүрүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, төлөм терминалдарын жана QR-кодду колдонуу менен кабыл алуу маселелери ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программанын иш-чаралары талкууланды.