2020-жылдагы башаламандык учурунда Мамлекеттик кадр кызматынан 1,2 млн сомдук жабдуулар уурдалган

20.09.2021, 13:34 Акчабар
2020-жылдагы башаламандык учурунда Мамлекеттик кадр кызматынан 1,2 млн сомдук жабдуулар уурдалган

2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү болгон баш аламандыктын натыйжасында административдик имараттан Мамлекеттик кадр кызматынан компьютерлер жана видеокамералар уурдалган. Баштапкы баасы 1 миллион 213 миң 9 сом болгон жалпы 35 буюм каракталган. Ошондой эле МККнын балансында турган эки унаа бузулган. Бул тууралуу Эсеп палатасы 2018-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги аудиттин жыйынтыгы боюнча билдирди.

Маалыматка ылайык, аудит МККнын бюджетинин иш жүзүндөгү чыгашаларынын көбү эмгек акы жана социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр экенин көрсөттү. Ошол эле учурда, 2020-жылы МКК кызматкерлеринин коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу аралыктан иштөөгө өтүшүнүн натыйжасында 1 миллион 843 миң 5 сомдук эмгек акы үнөмдөлгөн.

Өкмөттүн токтомунда МККны 1-3-кабаттардагы жайларга жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясы ээлеген мамлекеттик имараттын жер төлөсүнө жайгаштыруу тапшырылган. Имаратты оңдоого 20 миллион сом бөлүнгөн.

Басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик имараттагы курулуш, монтаждоо жана оңдоо иштерине аудит жүргүзүү учурунда жалпы 102 миң сомго жумуштун көлөмүнүн ашыкча бааланышы аныкталган.

Тэги: Счетная палата КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу