Былтыр коммерциялык банктарда кредиттерге суроо-талап 8,46%га өстү

20.01.2022, 11:26 Акчабар
Былтыр коммерциялык банктарда кредиттерге суроо-талап 8,46%га өстү

Өткөн жылдын ноябрь айында коммерциялык банктар 13 млрд 893 млн 422,5 миң сомго насыя беришти. Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук банкынан билдиришти.

Анын ичинен 10 млрд 602,7 млн сому улуттук валютада жана 3,3 млрд сому же жалпы берилген сумманын 23,7%ы чет элдик валюта түрүндөгү кредиттер.

Өткөн жылдын ноябрь айында коммерциялык банктардагы насыялардын басымдуу бөлүгүн ишкерлер соода чөйрөсүнөн 5 млрд 295,6 млон сом, айыл чарбасынан 1,7 млрд сом алышкан. Анын үстүнө 2021-жылдын октябрына карата кредиттердин эң көп өсүшү өнөр жайда 2 эсеге, курулушта 2 эсеге кыскарган.

Кошумчалай кетсек, өткөн айга салыштырмалуу кредиттерге суроо-талап жалпысынан 8,46%га өскөн.

Тэги: комбанки Кыргызстан кредиты деньги бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу